Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Кара-Сууда машине документи үчүн талаштан киши өлдү


Кылмышка шектүү. Сүрөт Ош ОИИБине таандык.
Кылмышка шектүү. Сүрөт Ош ОИИБине таандык.

22-январь күнү райондун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Сүрөттүү-Таш айылынын 45 жаштагы тургуну А.О. аттуу кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат жергиликтүү милицияга кабарланган. Милициянын ыкчам тергөө тобу маркум киши колдуу болуп өлгөнүн аныктаган. Соттук-медициналык экспертиза жабырлануучунун боору катуу соккудан улам жарылып кеткенин, анын өлүмүнө ошол себеп болгонун тастыктаган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Бул кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын жашоочусу, 46 жаштагы А.Б. кармалды. Сөз болуп жаткан факт Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Шектүү Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды.

Тергөөнүн башында белгилүү болгон маалыматка караганда, маркум менен кылмышка шектүү автоунаанын документинин айынан мушташа кеткен. Шектүү маркум жыгылып түшкөн кезде боор тушуна тээп жибергенин жана аны эстен танган абалында калтырып, кетип калганын мойнуна алды.

Милициянын маалыматына караганда, маркум беш жыл мурун жубайы менен ажырашып, ошондон бери жалгыз жашап жаткан. (DU/ZKo)

XS
SM
MD
LG