Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Баткендин жетекчиси ишке галстуксуз келген окутуучуларды зекиди


Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров 22-январь күнү Кызыл-Кыядагы педагогикалык институтка барган. Ал окуу жайынын мугалимдерин «Эмнеге галстуксуз жүрөсүңөр?» деп уяткарган. Соцтармактарга жарыяланган видеодо өкмөттүн өкүлү окутуучулардын кийимин сынга алып, «жүрүшүңөрдү карагыла» деп жемелеп жатканын көрүүгө болот.

«Адам биринчи өзүнөн башташы керек. Мына, силер мугалимсиңер. Мен бүт мугалимдер менен учурашып келе жатам. Бирөөңдө да галстук жок. Жүрүшүңөрдү карагылачы! Мен ошол үчүн сурап жатам. «Азыр ишпи?» десем «иш» деп жатасыңар. Эмне үчүн галстуксуз жүрөсүңөр?», - деп суроо салган Мадумаров. Ал эми окутуучулар имаратта оңдоп-түздөө иштери менен алектенип жүрүшкөндүктөн ишке галстугу жок келишкенин айтышкан.

Өкмөт өкүлүнүн бул жоругу соцтармактарда нааразы пикирлерди жаратты.

2019-жылы 16-январда Жогорку Кеңешке тиешелүү түрдөгү көйнөк кийип келбегени үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкери Талантбек Тынысов ошол кездеги вице-спикер, учурдагы депутат Мирлан Бакировдун суранычы менен жыйындан чыгарылган. Ошол эле күнү парламентке свитер кийип барганы үчүн депутаттардын каарына калган аткаминердин окуясы кыргыз коомчулугунда катуу талкууланып, эртеси Мирлан Бакиров андан кечирим сураган. (DU)

XS
SM
MD
LG