Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:42

Депутат Тиллаев АКШнын демилгеси тууралуу: Өкмөт маалымат жагынан уттурууда


Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

Кыргыз бийлиги АКШнын виза боюнча соңку демилгесине байланыштуу элге маалымат бериши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев 23-январда парламенттин жалпы жыйынында өкмөттүн өкүлүнө кайрылып жатып айтты:

- Өкмөт, сиздер маалымат майданында уттуруп жатасыздар, бардык эле позиция боюнча. Бул биздин мамлекеттин эл аралык деңгээлдеги авторитети да. Президентибизден баштап сиздер кандай жумуш жүргүзүп жатсаңар муну элге жеткирип коюшуңуздар керек.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын бул өлкөгө киришин чектеген мыйзам долбоорун даярдап жатканы 21-январда белгилүү болду. Алар - Беларус, Мьянма, Нигерия, Судан, Эритрея жана Танзания.

Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишим даярдалып жатканы бир жылдан бери айтылууда, бирок кол коюла элек.

22-январда «Азаттыктын» эфиринде тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов АКШга кирүүгө чектөө коюлуучу өлкөлөрдүн катарында болуу Кыргызстан үчүн абройдун жоголушу деген оюн айтып, кыргыз бийлигин кызматташуу тууралуу келишимди калыбына келтирүү боюнча алгылыктуу аракет көрбөй жатат деген таризде сындаган. (RK)

XS
SM
MD
LG