Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:10

Депутат Бакиров: жашоосуна нааразы кыргызстандыктарды Памирге жөнөтүш керек (видео)


Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров жашоосуна нааразы болгон кыргызстандыктарды Памирге жөнөтүш керек деп эсептейт. Мындай оюн ал 23-январда парламенттин жалпы жыйынында Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселесин көтөрүп жатып айтты:

- Кыргызстандагы бүгүнкү реалдуу турмушка нааразы болгон тараптарды ошол жерге бир жумага жөнөтүш керек. Кандай оор турмушту башынан кечирип жатышканын көзү менен көрүп, жон териси менен сезип келсе, мүмкүн турмушка көз карашы өзгөрөт.

Депутат Бакиров памирлик кыргыздар боюнча Кыргызстан «колго аларлык жумуш жүргүзүп жатканын» белгиледи. Ал өкмөт көчүрүлүп келген үй-бүлөлөргө күрөөсүз насыя берип, мал менен камсыз кылуу жагын караштырышы керек экенин айтты.

2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG