22-январда түн ичинде Түркиянын Маниса аймагында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү Маниса аймагы менен чектеш Измир шаарында да сезилди.
Маниса губернаторлугунун билдирүүсүнө ылайык, аймакта жер титирөөдөн жабыркаган жарандар катталган жок. Түркиянын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-январда саат 06.54тө Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында күчү 4,5 балга жеткен дагы бир жер титирөө катталган. Анкара губернаторлугунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, андан эч ким жабыркаган жок.
Түркияда акыркы жолу катталган эң чоң зилзала 2011-жылдын 23-октябрында Ван аймагында болгон. Анын күчү 7,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ван аймагына караштуу Эржиш шаарында болгон. Бул кырсыкта 644 киши набыт болуп, эки миңге жакын киши оор жаракат алган. 110 миң турак жай жарактан чыккан.
Жалпысынан Түркияда расмий 30 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет. (ElB)