Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык топторунун жыйыны өтүп жатат


Кыргыз-тажик чек ара аймагындагы айыл. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек ара аймагындагы айыл. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумуш топтору биргелешкен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул максатта Тажикстандын делегациясы иш сапары менен Бишкекке келгенин кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Топографиялык топторго Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды 1-мартка чейин иштеп чыгуу тапшырылган.

Эки өлкө чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашмай болгону 21-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында расмий айтылган.

Кыргыз тараптан берилчү жерлер анык болгону менен Тажикстан анын ордуна кайсы жерди берери азырынча белгисиз.

Андан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору белгиленген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек.

10-11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы соңку чек ара чырынан кийин эки тарап жолугуп, алты пункттан турган протоколго кол коюшкан. (RK)

XS
SM
MD
LG