«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча мамлекеттик айыптоочу тараптын күбөлөрү сотко мажбурлоо жолу менен алынып келет.
Ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айнура Сатарова 23-январдагы отурумда ушундай чечим кабыл алды.
Буга прокурорлордун өтүнүчү негиз болду. Прокурор Мирлан Сооронкулов:
- Сотко келбей жаткан күбөлөрдү мажбурлоо жолу менен алып келүү тууралуу токтом чыгарып берүү өтүнүчүн киргизебиз. Кадырбековго, Базаркуловго, Абдрахмановго, Айдакеевага, Жуковго, Оңолбековго, Черныйга жана Ташматовага токтом чыгарып бериңиз. Булардын баарына сотко келиши керектиги айтылып, телефондон сүйлөшүп жатабыз, бирок келбей жатышат, - деп өтүндү.
Мындан тышкары прокурорлор соттон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Орусиянын жараны Леонид Маевский учурда чын эле түрмөдө отурабы деген суроону тактап беришин өтүндү. Судья аны да канааттандырды.
Өмүрбек Текебаев прокурорлордун бул кадамын ишти создуктуруу аракети катары баалады:
- Прокуратуранын ишти болушунча узакка созуу деген ыкмасы баарыбызга маалым болду. Бүгүнкү өтүнүчтү сотко алты ай мурун эле беришсе болмок. Маевский өзү барбы, түрмөдө отурабы? Отурса кайсы берене менен отурат? Эбак эле тактап алса болмок. Ал эми Кыргызстандагы күбөлөр «тоого лыжа тепкени кеттим», «тууганым ооруп калып аймактарга чыгып кеттим» деп сотко келбей жатышат. Орусиядагы күбөлөрдү чакыруу боюнча кат эки-үч айга созулуп кетиши күмөн эмес, - деди ал.
Текебаев менен Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап келишет.
Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Иш райондук сотто кайра каралууда. (BTo)