Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:36

Журналист вице-премьер Разаковду беш миллион сомго сотко берди


Канышай Мамыркулова ортодо.
Канышай Мамыркулова ортодо.

Журналист Канышай Мамыркулова вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сотко берди. Журналист 23-январда доо арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайрылганын, адамдык кадыр-баркына жана жарандык ар-намысына шек келтиргени үчүн Разаковдон 5 миллион сом айыппул өндүрүүнү талап кылып жатканын «Азаттыкка» айтып берди:

- Эгер ошол каражат өндүрүлсө, биз Баткен элинин социалдык ал-абалын чыңдоого жумшап берет элек. Бул жөн гана жарандык позиция. Болбосо Разаковдун акчасына ким байыйт?!

Разаков 21-январда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып 15-январда Бишкектеги митинг акча менен уюштурулган деп эсептей турганын айткан:

- Менин жеке оюмда, алар акча менен чыгарылган адамдар. Эгер «кимдин адамы көп» десеңер мен да адамдарымды чыгарып көрөйүн. Баткенди көтөрөйүн, анда биз элди көтөрүп эле жүрө берели. Мен мамлекеттик кызматкермин, мага андай болбойт.

Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шектүү катары 11-январда кармалган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алды.

15-январда Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү, Көк-Ташта кармалгандарды бошотуу тууралуу талап менен нааразылык акциясы өткөн. «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев акцияга чыккандар бийликке алты талап коюп жатышканын, арасында Разаковду кызматтан алуу жөнүндө талап да бар экенин айткан.

Канышай Мамыркулова «МКА-ТV» каналын жетектейт. Ал митингдин катышуучуларынын бири болгон.

Журналист менен чогуу бүгүн сотко митингдин дагы бир катышуучусу, жарандык активист Самат Алиев да кайрылганы маалым болду. Ал да 5 миллион сомдук доо койду. (RK)

XS
SM
MD
LG