Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Бейрутта митингчилер менен полиция кагылышты


Бейруттагы демонстранттар менен полициянын кагылышуусу. 19-январь, 2020-жыл.
Бейруттагы демонстранттар менен полициянын кагылышуусу. 19-январь, 2020-жыл.

Ливандын баш калаасы Бейрутта жаңы түзүлгөн өкмөткө каршы акцияга чыккандар менен полиция кагылышты. Демонстранттар тартип коргоочуларга таш ыргытышты. Полиция кызматкерлери акциянын катышуучуларын желим ок менен атып, жаш чыгарчу газ чачышты. Нааразылыкка чыккандар өкмөттө жүздөр гана алмашып, чыныгы бийлик мурунку күчтөрдүн колунда калганын айтышууда.

Толкундоолордон улам былтыр октябрда мурдагы премьер-министр Саад Хариринин өкмөтү кызматтан кеткен. Жаңы премьер Хасан Диаб шаршембиде министрлер кабинетинин биринчи жыйынын өткөрүп, экономикалык жана каржылык саясат өзгөрөрүнө убада берди.

Былтыр күзүндө башталган көчө жүрүштөрүнө өкмөттүн салык саясаты, анын ичинде «WhatsApp» жана башка мессенжерлер аркылуу чалуу үчүн төлөм алуу тууралуу чечими себеп болгон. Бийлик бул сунушунан баш тартканы менен демонстранттар экономикалык абалды оңдоону, коррупцияны жоюуну, бийликтеги элитаны жапырт алмаштырып, техникалык өкмөт түзүүнү талап кыла башташкан.

XS
SM
MD
LG