Баткенде ок тийген аскер кызматкеринин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу «Азаттыкка» Генералдык штабдын басма сөз кызматынын өкүлү Сүйүнбек Абдырачалов билдирди.
Анын айтымында, окуя 22-январда №30630 аскер бөлүгүндө болгон. Келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан ефрейтор оң жак билегине октон жараат алган.
- Кечки практикалык ок атуу убагында Калашников автоматынын огу кайып кеткен. Жабыркаган аскер кызматчысына биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, аймактык ооруканага жеткирилген. Абалы канааттандыралык.
Окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
2019-жылы декабрда Ошто аскер кызматкери токко урунуп каза болгон. Ноябрда жаза аткаруу системасында эки күндө эки аскер кызматкери көз жумган, анын бири электр тогуна урунуп жашоо менен кош айтышкан.
2018-жылы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Руслан Сапарбаев кезмет учурунда токко урунган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка жоокер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат. (RK)