Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

BBC: Орус премьеринин карындашында кымбат мүлк табылды


Михаил Мишустин.

Орусиянын жаңы өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин бир тууган карындашы Наталия Стенинанын Москва менен Подмосковьеде баасы бир миллиард рублдан ашкан мүлкү бар. Бул тууралуу Федералдык салык кызматынын жабык маалымат базасына шилтеме менен Би-Би-Синин орус кызматы жазат.

Маалыматка караганда, кээ бир кымбат баалуу батирлер менен жер тамдардын ээси катары мамлекеттик реестрде «Орусия Федерациясы» деп эле жазылган. Бирок Федералдык салык кызматынын базасында ал Стенинага катталган.

Буга чейин «Ачык медиа» Мишустиндин үй-бүлөсүнө баш калаада жана айланасында 2,6 гектар жер таандык деп жазган.

Өткөн аптада өкмөт башчылыкка дайындалган Мишустин буга чейин Федералдык салык кызматын жетектечү.


Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG