Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Мамдума Конституцияга өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды


Мамлекеттик Думанын жыйыны. Москва, 23-январь, 2020-жыл.
Мамлекеттик Думанын жыйыны. Москва, 23-январь, 2020-жыл.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы бүгүн президент сунуш кылган «Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда бир добуштан колдоду. Экинчи окуу 11-февралга белгиленди.

Владимир Путин Баш мыйзамды өзгөртүү планын 15-январда Федералдык Жыйындагы кайрылуусунда жарыялаган. Жалпы элдик добуш берүү, айрым маалыматтарга караганда, 12-апрелде өтүшү мүмкүн.

Мыйзам долбоору 20-январда киргизилген. Документке ылайык, бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүү максатында Конституциянын 22 беренесине өзгөртүү киргизүү сунуш кылынууда. Ошондой эле Конституцияны эл аралык мыйзамдардан жогору коюу каралган. Путиндин оппоненттеринин көбү «түзөтүүлөр аркылуу ал президенттиктен кеткенден кийин да бийликти сактап калууну көздөйт» дешет.

XS
SM
MD
LG