Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:29

24-январда президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт


Жогорку Кеңеш менен президенттик аппараттын имараты.
Жогорку Кеңеш менен президенттик аппараттын имараты.

Анда Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары болгон жыйындарында көтөрүлгөн маселелер, алардын негизинде берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымат берилет. Бул тууралуу президенттик аппарат маалымдады.

Жыйынга мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, бардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, өкмөт жана Коопсуздук кеңешинин башка мүчөлөрү катышат.

Сооронбай Жээнбеков президенттик ишине киришкенден кийин Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынын 2018-жылы 8-февралда өткөргөн. Анда сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөш боюнча талкуу болгон.

Жыйынтыгында 45 иш-чарадан турган чечим кабыл алынган. Анын ичинде мурда-кийин токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштерин кайрадан карап чыгуу, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү сыңары чаралар камтылган.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынында «коррупция менен күрөшчүлөр өздөрү ага малынып турат» деп, мамлекеттик органдарды кескин сынга алган.

Айрым серепчилер өлкөдө коррупцияга каршы күрөш маселеси байма-бай айтылганы менен, иш жүзүндө бийлик жетиштүү аракет көрбөгөнүн айтып, сындап келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG