Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

Сот «Ачык саясат» гезитин 50 миң сомдук доого жыкты


Назгүл Мамытова мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен.
Назгүл Мамытова мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен.

Биринчи май райондук соту 23-январдагы отурумунда аталган гезитти Дары-дармек департаментинин башчысы Гүлмира Шакировага «моралдык чыгым» үчүн 50 миң сом төлөөгө милдеттендирген чечим чыгарды. Бул тууралуу басылманын башкы редактору Назгүл Мамытова «Азаттыкка» билдирди:

- Акчалай доодон тышкары редакция чечим күчүнө киргенден тартып он күн ичинде мурунку маалыматын төгүндөөгө милдеттендирилди. Биз соттун чечимине каршыбыз. Апелляциялык арыз жазабыз.

Назгүл Мамытова басылмага кыска аралыкта байма-бай бир нече доо арыздын берилишин өзүнүн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешине мүчөлүгүнө байланыштуу куугунтук деп эсептейт.

«Ачык саясат» гезитин буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев да сотко берип, 300 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүнү талап кылган. Сот Рыспаевдин өтүнүчүн канааттандырган. Басылма депутатка төлөп бере турган акчасы жок экенин билдирип, өткөн айда «Кожобек Рыспаевге бир сом» деген акцияны уюштурган.

«Ачык саясат» гезити 2011-жылдан бери чыгып келатат.

Кыргызстанда саясатчылардын массалык маалымат каражаттары менен соттошуусу көп учурайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG