Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Жогорку сот: Нигериянын жаранын өлтүргөн адам 7,5 жылга кесилди


Али Тижжани Абубакар.
Али Тижжани Абубакар.

Бишкектеги «Cambridge School» тил үйрөтүүчү мектептин директору, Нигериянын жараны Али Тижжани Абубакарды өлтүргөн К. Э. 7,5 жылга эркинен ажыратылып, 90 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу маалыматты Жогорку соттун басма сөз кызматы 23-январда таратты.

Ага ылайык, Бишкектеги Свердлов райондук соту 23 жаштагы К. Э.ни Кылмыш кодексинин 138-беренеси боюнча айыптуу деп тапкан. Айыпталуучу апелляциялык арыз берген эмес, учурда түзөтүү мекемелеринин биринде жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы 2-июлда Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанында Нигериянын 34 жаштагы жараны, «Cambridge School» тил үйрөтүү мектебинин мугалими Али Тижжани Абубакар таяк жеп, ооруканада эки күн комада жатып көз жумган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG