21-январда Нур-Султан шаарындагы «Астана Опера» театрынын алдында Казакстандын президенти менен жолугушууну талап кылган аялдар кысымга учураган, айрымдары административдик жоопкерчиликке тартылган. Бул тууралуу алар бейшембиде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен өткөн жыйын учурунда айтышты.
Жергиликтүү жашоочу Гүлим Аманбаева нааразылык акциясына катышканы үчүн жумуштан бошотулганын билдирди. «Эмне үчүн полиция кылмышкерлерди кармабайт?», – деди ал.
Жыйын учурунда көп балалуу Данагүл Каткенова тартип сакчылары аны үйүнөн Алматы райондук полиция бөлүмүнө алып келишкенин, ал жакта көчмө сот отуруму болгонун билдирди. Ал «уруксат берилбеген митингге катышкан» деген жүйө менен 37, 5 миң теңге айыпка жыгылган.
21-январда Нур-Султан шаарынын «Астана Опера» театрынын алдында 50дөй аял чогулуп, президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууну талап кылган. Алар турак жай маселелерин чечүүнү суранышкан. Абайдын 175 жылдыгы өтүп жаткан иш-чарага Казакстандын азыркы жана мурдагы президенттери катышкан.