Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Өспүрүм кызды сойкуканада күчтөп кармоо фактысы боюнча үч аял эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен өспүрүм кызды сойкулукка мажбурлоо боюнча шектүү үч аял эки айга камалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» кыздын жактоочулары кабарлашты.

16 жаштагы кыз сойкуканада күчтөп кармалып отурганы, ал жактан көргөн кордугу тууралуу видеобаян «Азаттыктын» сайтына жарыяланган.

Кыз аны күнүнө 20 чакты эркекке салып беришкенин, эки жумадай кордошконун айтып ыйлаган.

22-январда Бишкек шаардык милициясы бул үчүн 32 жана 27 жаштагы үч аял кармалганын кабарлаган.

Мекеменин маалыматына караганда, Ленин райондук милициясына былтыр ноябрь айында жергиликтүү тургун кайрылып, кимдир-бирөөлөр анын психикалык жактан оорулуу 16 жаштагы бөлөсүн Караколдон күчкө салып алып кетишкенин айткан.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында өспүрүм кызды Бишкекте сойкуканалардын биринде кармап турушканы аныкталган. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыл сайын Кыргызстандын 60 миңдей жараны өз өлкөсүндө же чет жакта кулчулукка кабылуу коркунучуна туш болот. Бул тууралуу жакында Бишкекте киши сатууга каршы жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын (UNODC) өкүлдөрү билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG