Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 28-февраль, 2020 Бишкек убактысы 21:24

Президент санариптештирүүнү жүргүзө албагандарга чара көрүүнү сунуш кылды (видео)


Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге «Түндүк» системасына кошулбаган мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине чара көрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал 24-январда Бишкекте өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты:

- Санариптештирүү - президенттик ишимдеги эң артыкчылыктуу багыттардын бири. Бул ишибиздин маңызы. Ошон үчүн кутулам деп ойлобогула. Маселени үч айдан кийин да, алты айдан кийин да карайбыз. Санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңеши чечим кабыл алган. Андан тышкары концепция да кабыл алынган. Аны ишке ашырбаган жетекчилер, баарыңар жооп бересиңер. Айыл өкмөткө чейин! Мамлекеттик кызматкер менен жарандардын ортосундагы коррупцияны жоюп, аны жок кыла турган нерсе - бир гана санариптештирүү. Ошол үчүн кээ бир мамлекеттик мекемелер, ушул схеманы жок кылып албаш үчүн санариптештирүү ишин жасабай жатасыңар.

Коопсуздук кенешинин жыйынына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев, депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү катышууда. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (10)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG