Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:48

Жээнбеков айрым жетекчилердин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-январда Коопсуздук кенешинин кезектеги жыйынында «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү кабыл алуу ордунан жылбай турганын сынга алды. Мамлекет башчысы өкмөт чечимди кабыл алууну бир жылдан ашык создуктурганын белгиледи.

- Мамлекеттик органдар бул үчүн күнөөнү бири-бирине шылтап жатышат. Мыйзам долбоорун кабыл алуу өз ордунан жылбай турат. Мунун кесепетинен, Коопсуздук кеңешинин тиешелүү чечими аткарылган эмес. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуунун укуктук механизмдерин киргизүү кечеңдеп жатат. Натыйжада, мүлктү башка бирөөнүн атына каттоо мүмкүнчүлүгү жоюлган жок, - деди Жээнбеков.

Президент Коопсуздук кеңиши кабыл алган чечимдерди аткарбаганы үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилерин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG