Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

Коопсуздук кеңеши 30 аткаминерге чара көрүүнү сунуш кылды


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 24.01.2020
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 24.01.2020

Коопсуздук кеңешинин 24-январдагы жыйынынын чечими менен өкмөткө 30 мамлекеттик кызматкерге чара көрүү сунушталды.

Кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев алар Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары кабыл алган чечимдерин аткарбаганын айтты.

Анын ичинен Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиевге, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго жана анын эки орун басарына катуу сөгүш берүү, ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушевди кызматтан алуу сунушталды.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы күрөш, санариптештирүү иштери жетишсиз деп табылып, тоо кен тармагындагы жумуштарга канааттандырарлык эмес деген баа берилди.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Күн тартибинде сот, көзөмөл, укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөш, «Санарип Кыргызстан 2019-2023» концепциясы, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү жана тоо-кен казуу секторундагы көйгөлөрдү чечүүгө багытталган маселелер болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG