Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Кытайдын 11 шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Кытайдын баш калаасы Бээжин. 24-январь, 2020-жыл.
Кытайдын баш калаасы Бээжин. 24-январь, 2020-жыл.

Өпкөнү сезгенткен жаңы вирустун жайылышын көзөмөлгө алыш үчүн Кытайдын Хубэй провинциясындагы кеминде 11 шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашкандай, Личуань, Чиби, Сяньтао сыяктуу шаарларда коомдук транспорттун каттамына чектөө киргизилди. Баш калаа Бээжинде Кытай Жаңы жылына карата бардык майрамдык иш-чаралар токтотулду.

Жаңы коронавирус биринчи катталган Ухань шаарында коомдук транспорт 23-январдын таңынан тартып токтотула баштаган. Бийлик бул шаардын тургундарын эл көп топтолгон жерлерге барбоого чакырып, беткап кийип жүрүүгө милдеттендиргени кабарланды.

Буга чейин адам организминде табылбаган «2019-nCoV» деген жаңы вирустан Кытайда бери дегенде 25 адам өлдү. Баш-аягы 830дөй киши жаңы вирусту жугузуп алганы ырасталды.

Бул вируска кабылгандар Жапонияда, Филиппинде, АКШда, Жапонияда, Түштүк Кореяда, Таиландда жана Сауд Арабиясында да катталды. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азырынча эл аралык деңгээлде өзгөчө кырдаал жарыялоого эрте экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG