Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Сот Атамбаевдин съездин мыйзамсыз деп таануу тууралуу арызды карабай койду


Алмазбек Атамбаев КСДПнын жыйынынан кийин. 6-апрель, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев КСДПнын жыйынынан кийин. 6-апрель, 2019-жыл.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жетекчиси катары катталган Сагынбек Абдрахманов аны колдобогон мүчөлөрдүн 2019-жылдын 6-апрелинде өткөргөн съездин мыйзамсыз деп таануу тууралуу арызы менен сотко кайрадан кайрылат. Бул тууралуу Абдрахманов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, жети ай мурда берилген арызды Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-январда карамак, бирок арызды жазып тапшыруу эрежелери сакталбагандыктан, мамлекеттик төлөм тууралуу кагаздар жана дарек туура эмес көрсөтүлгөндүктөн аны кароодон баш тартып койду.

Абдрахманов арызды карабай коюуга негиз жок болчу деп эсептейт.

- Убакыттан уттурбаш үчүн жаңы доо арыз жазалы деп жатабыз. Негизги талап – алар өткөргөн съездди жокко чыгаруу жана мөөр, күбөлүк, документтерди бизге өткөрүп берүү, - деди Абдрахманов.

КСДПнын катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги аны 2019-жылдын 18-апрелинде КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары баалап, юстиция министрин жазык жообуна тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан.

КСДПнын мурдагы лидери Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. 2019-жылдын август айында ал «Коррупция» беренеси менен камакка алынган. Ошол эле жылдын жазында, 6-апрелде Бишкекте партиянын Атамбаевди колдогон мүчөлөрү жабык съезд өткөрүп, саясий кеңештин курамы өзгөргөнүн жарыялашкан.

Атамбаевди жактагандар эгер Абдрахмановдун арызы канааттандырылбаса Юстиция министрлиги КСДПнын төрагасы катары аны эмес, Асел Кодуранованы жазышы керек болорун айтып жатышат.

Сот органы азырынча маалымат бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG