Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Алайда окуп жаткан памирлик кыргыздарга окуу китептери бөлүндү


Алайдагы памирлик кыргыздарга жиберилген окуу китептери.
Алайдагы памирлик кыргыздарга жиберилген окуу китептери.

Билим берүү жана илим министрлигинде Алай районуна көчүп келип, Харыбек Алимсеитов мектебинде сабатын ачып жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

«Аркус» жана «Кут аалам» басмаканасы көчүп келген кыргыздар үчүн 50 даана «Алиппе», 50 даана «Мекен таануу», 40 даана «Математика», кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок китептерин жана 30 наамдагы 120 даана көркөм китептерди тапшырды.

Буга чейин Алайда сабатын ачып жаткан памирлик кыргыздарга окуу куралдары жетишсиз болуп жаткандыгы тууралуу Сары-Могол айылдык мектебинин мугалимдери билдиришкен.

Алай районунун Сары-Могол айылындагы мектепте 36 памирлик кыргыз билим алып жатат.

Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар үч класска бөлүнүп окуп жатышат. 7-17 жаш, 17-45 жаш курагындагылар жана аялдар үчүн өзүнчө класс ачылган. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, алар үчүн атайын эки мугалим бөлүнгөн. Окуу мектептин эски имаратында жүрүп жатат.

2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. Аларга өкмөттөн турак жай курууга 1,2 гектар жер жана 10 млн. сом бөлүнгөн. (MdN)

XS
SM
MD
LG