Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Путин өкмөттөн кеткен эки министрди жардамчы кылып алды


Орус президенти Владимир Путин жана мурдагы маданият министри Владимир Мединский.
Орус президенти Владимир Путин жана мурдагы маданият министри Владимир Мединский.

Орус президенти Владимир Путин жаңы өкмөттүн курамына кирбей калган мурдагы эки министрди өзүнө кеңешчи кылып дайындады. Анын мурдагы экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкинди жана мурдагы маданият министри Владимир Мединскийди кеңешчи кылып дайындаган жарлыгы 24-январда жарыяланды.

Эки министр 15-январда мурдагы премьер-министр Дмитрий Медведев жетектеген өкмөт отставкага кеткенден кийин кызматынан кол жууган. Алар жаңы өкмөт башчы Михаил Мишустиндин командасына кирбей калышкан.

Орусиянын маданият тармагын 2012-жылдан бери тескеп келген Владимир Мединский Медведевдин өкмөтүндөгү чуулуу окуяларда аты көп аталган министр катары мүнөздөлүп келген. Ал кызматта турган учурда Маданият министрлиги кинотеатрларда орус тасмаларына орун бошотуу үчүн айрым чет өлкөлүк фильмдерге чектөө койгону белгилүү.

2017-жылы айрым тарыхчылар Мединскийдин докторлук диссертациясында каталар жана так эмес маалымат көп экенин айтышып, анын илимий даражасын жокко чыгаруу демилгесин көтөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG