Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

Евробиримдиктин башчылары Брекзит келишимине кол коюшту


Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.
Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.

Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Брекзит келишимине кол коюшту. Улуу Британиянын Европа Биримдигинен кандай шартта чыгаары жазылган макулдашууга кол коюу иш-чарасына журналисттер киргизилген жок.

Лондон менен Брюссель бул документ боюнча октябрь айында мунаса табышкан. Бул аптада британ парламенти келишимди жактырып, ага ханыша Елизавета II кол коюп берди. Евробиримдиктин парламенти Брекзит келишимин кийинки аптада ратификациялайт деп күтүлүүдө.

Бардык документтер жактырылгандан кийин Британия 31-январда уюмдагы мүчөлүгүн токтотот. Андан кийинки бир жыл же 2020-жылдын 31-декабрына чейинки убакыт "өткөөл мезгил" деп жарыяланат. Бул мөөнөт ичинде Британия менен Евробиримдик эки тараптын карым-катышы, анын ичинде соода-экономикалык алакасы кандай болоору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG