Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Испанияда “Глория” бороону 13 адамдын өмүрүн алды


Тосса-де-Мардын айрым көчөлөрү катуу шамал айдап келгеп деңиз көбүктөрүнө толуп калды, 20-январь, 2020-жыл.
Тосса-де-Мардын айрым көчөлөрү катуу шамал айдап келгеп деңиз көбүктөрүнө толуп калды, 20-январь, 2020-жыл.

Испаниянын түштүк-чыгыш аймактарын каптаган “Глория” деп аталган бороон 13 кишинин өмүрүн алды. Төрт адамдын дайыны чыкпай жатат. Он миңдеген үй-жай электр жарыксыз калды. Бейшембиде премьер-министр Педро Санчес жабыркаган аймактарды тик учак менен кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Ылдамдыгы саатына 144 чакырымга жеткен, жаан аралашкан катуу шамал Испаниянын аймагына жекшембиде жеткен. Деңиздеги толкун 13 метрге чейин көтөрүлүп, айрым аймактарда калың кар түштү.

Көпүрөлөр, темир жолдор иштен чыкты. 2003-жылдан берки эң кубаттуу делген "Глория” бороону жумага караган түнү гана басаңдады.

XS
SM
MD
LG