Болгариянын өкмөтү Орусиянын эки дипломатын өлкөдөн чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу Болгариянын тышкы иштер министри Екатерина Захариева 24-январда айтты.
"Биз прокурорлордон [дипломаттарга коюлган] дооматтар тууралуу кат алдык. Тиешелүү чараларды көрөбүз. Аларды персона нон грата деп жарыялачудай болуп турабыз", - деди Захариева.
Ал бул маселе боюнча Софиядагы орус элчисин Тышкы иштер министрлигине чакыртып, түшүндүрмө талап кылаарын кошумчалады.
24-январдын таңында Болгариянын Башкы прокуратурасы тыңчылыкка шектелген орусиялык эки дипломатка байланыштуу сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатканын ырастаган. Ал маалыматка ылайык, аты аталбаган бул дипломаттар Болгариядагы шайлоо жараяны жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна байланыштуу мыйзамсыз маалымат топтоп келишкен.
Орусиянын Болгариядагы элчилиги кызматкерлерине карата иликтөө жүрүп жатканы тууралуу аларга расмий маалымат берилбегенин билдирди.