Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:33

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады


Ухань шаары, 22-январь, 2020-жыл.
Ухань шаары, 22-январь, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бир дагы учур катталбаганын белгилеп, социалдык тармактарда, ар кандай мессенжерлерден тарап жаткан маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, жалган кабарларды жайылтпоону суранат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Жугуштуу вирус боюнча абалга көз салуу үчүн министрликте атайын штаб түзүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги Кытайда пайда болгон коркунучтуу вируска байланыштуу адамдарга төмөнкү чараларды сунуштайт.

- колду самындап же спирт кошулган каражат менен жууп жүрүш керек;

- ооз жана мурунду жаап жөтөлүп, чүчкүрүү керек

- грипп же жугуштуу оору менен ооруган кишиге өтө жакындабоо зарыл;

- эт жана жумуртканы дыкат тазалоо керек;

- жапайы жаныбарларды, канаттууларды кармабоо керек;

- дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп жана дем алуу кыйындаса дароо ооруканага кайрылуу керек.

Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 26 адамга жетти. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү илдетти жуктуруп алган 830 адамдын 177синин абалы оор экенин билдиришти. Белгисиз вирустун жайылышын көзөмөлгө алуу үчүн баш-аягы 41 миллион адам жашаган 13 шаарга карантин киргизилип, коомдук транспорттун каттамдарына чектөө коюлду.

Бул вируска кабылгандар Жапонияда, Филиппинде, АКШда, Түштүк Кореяда, Таиландда жана Сауд Арабиясында да катталды. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азырынча эл аралык деңгээлде өзгөчө кырдаал жарыялоого эрте экенин, вакцина иштеп чыгуу аракети уланып жатканын маалымдады.

Кытайдагы мындай кырдаалга байланыштуу Кыргызстан бул өлкөдөн эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөө киргизди. (TSh)

XS
SM
MD
LG