Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

8-январда АКШ базасына урулган соккудан ондогон аскер жараат алган


24-январда АКШнын Коргоо министрлиги Ирактагы америкалык аскерлер жайгашкан базага урулган Ирандын ракета соккуларынан 34 жоокер жараат алганын жарыялады. Аларга мээсине зак кеткен деген диагноз коюлган. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги кабарлады.

Буга чейин президент Дональд Трамп жана жогорку кызмат адамдары Ирандын аба соккуларынан бир дагы аскер каза болбогонун жана жараат албаганын кабарлашкан.

Өткөн жумада Пентагон Ирандын ракета соккуларынан кийин 11 америкалык аскер дарыланып жатканын билдирген болчу. Бир нече күндөн кийин жараат алган дагы башка аскерлер Ирактан чыгарылганын жарыялаган.

Пентагондун өкүлү Жонатан Хоффман 17 аскер дарылангандан соң кайрадан Иракка жөнөтүлгөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG