Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

Түркиядагы жер титирөө 18 кишинин өмүрүн алды


Расмий органдардын маалыматына караганда очогунда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө Түркиянын чыгышындагы Элязыг провинциясында катталган. Кырсыктан имараттар кыйрап, кеминде 18 киши каза таап, дагы жүздөгөн адамдар жаракат алды.

24-январда өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар мекемеси Сивриже шаарына жакын аймакта 6,75 км тереңдикте жер силкингенин кабарлады. Апааттан Элязыг провинциясында 13, Малатья шаарында беш киши каза болду. Эки провинциянын өкүлдөрү 225 киши жаракат алганын кабарлашты.

Ички иштер министри Сулейман Сойлу 533 киши жаракат алганын айтып, урандылардын арасынан отуз адамды сактап калышканын жарыялады. Президент Режеп Тайып Эрдоган "Твиттердеги" баракчасына кырсыкка байланыштуу бардык тийиштүү чаралар көрүлөрүн жазды. Жалпыга маалымдоо каражаттары жер титирөө Иран, Сирияда да сезилгенин жазып жатышат.

XS
SM
MD
LG