Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Абылгазиев: көмүскө экономикада 35-40 млрд. сом жатат


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын байкоочу кеңештеринин өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн коомдук кеңештен жардам сурады.

- Көмүскө экономикада 35-40 млрд. сом жатат. Таасирдүү адамдар көмүскөдө акча жасап отурушат. Аны ачыкка чыгаруу коомдук кеңештин колунда. Эгер көмүскөдөгү акчаны чыгарсак көп маселе чечилет, - деди өкмөт башчы.

Абылгазиев тышкы карызды чечүүнүн жолдорун ойлонуу мезгили келгенин белгиледи. Анын айтымында, 2019-жылы бюджеттен 200 млн. доллар тышкы карызга, 200 млн. доллар ички карызга төлөнгөн. 2025-жылы тышкы карыздын 400 млн. долларын төлөө планы бар.

Бүгүн, 25-январда Бишкекте өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук кеңештин өкүлдөрү менен жолугуп жатат. (TSh/MiK)

Пикирлерди көрүңүз (21)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG