Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Кытайда жаңы вирустан 41 киши көз жумду


Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан өлгөндөрдүн жана жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүүдө. Францияда жана Австралияда да бул илдетти жуктуруп алгандар катталды.

25-январдагы маалыматка караганда, Кытайда жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 41ге жетип, 29 провинцияда 1287 киши жуктуруп алганы катталды. Алардын ичинен 237 бейтаптын абалы оор.

Францияда коркунучтуу илдет менен ооруган үч киши катталды. Бул Европадагы жаңы вирусту жуктуруп алган алгачкы учур болууда. Расмий органдар эки бейтап Парижде, бирөө Бордо шаарындагы ооруканага жаткырылганын кабарлады.

Ал эми АКШда жаңы вирусту жуктуруп алгандардын бири Сиетлдеги шаарлардын биринде, экинчиси Чикагодо катталды. Алар жакында эле Кытайга саякаттап келишкен.

25-январда Австралиянын саламатыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү Виктория штатында жаңы вирус менен ооруган бир киши катталганын маалымдады. Ал 50 жаштагы Кытайдын жараны. Бейтап 19-январда Кытайдан Гуанчжоу рейси менен келген. Саламатыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү вирусту жуктуруп алган киши ооруканада болгонун белгилеп, тынчсызданууга негиз жок экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG