Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Жээнбеков: ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикасы оңолуп жатат


Сооронбай Жээнбеков жана Тигран Саркисян
Сооронбай Жээнбеков жана Тигран Саркисян

25-январда президент Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) башчысы Тигран Саркисянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.

Мамлекет башчы 2019-жылы Евразия Экономикалык Биримдиги жаш жана тез өнүгүп келаткан интеграциялык уюмдардын бири экенин белгиледи. Президент ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырып жатат деп эсептейт.

Саркисян ЕАЭБдин алкагында көтөрүлгөн демилгелерде уюмга мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыгы эске алынганын белгиледи.

Президент Жээнбеков Саркисянды Евразия Экономикалык Биримдигине интеграциялоого жана Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Даңк” медалы менен сыйлады. Тигран Саркисяндын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 1-февралында аяктайт.

ЕАЭБ алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылдан кийин бул уюмга Армения жана Кыргызстан кошулуп, ал азыркы аталышына ээ болгон. Жергиликтүү эксперттер Кыргызстан тариф жеңилдиктеринен пайдалана албаганы, салыктык түшүүлөрдүн кыскарышы жана биримдиктин жалпы рыногуна кирүүдөгү көйгөйлөр көп болгонун айтып келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG