Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Түркия: жер титирөөдөн каза болгондордун саны 22ге жетти


Түркиянын чыгышындагы Элязыг провинциясындагы жер титирөө кеминде 22 кишинин өмүрүн алып, миңдеген адамдар жаракат алды. Бул тууралуу түркиялык "Anadolu" агенттиги кабарлоодо.

24-январдын кечинде очогунда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Аппаатан имараттар кыйрап, байланыш үзгүлтүккө учураган. Элязыг провинциясындагы Сивриже районундагы имараттардын кыйроосунан чочулаган көпчүлүк жашоочулар үй-жайын таштап кетүүдө. Айрым райондордо жай тургундар спорт комплекстерде баш калкалап жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG