Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:19

Трамптын импичменти боюнча сотто жактоочуларынын сөзү башталды


Пэт Сиполлон.
Пэт Сиполлон.

25-январда Вашингтондо Дональд Трамптын адвокаттарынын үч күндүк сөзү башталды. Буга чейинки үч күн сегиз сааттан демократтардан айыптоочулар сүйлөгөн.

Ишембидеги отурумду Ак үйдүн юрист-консультанты Пэт Сиполлон ачты. Ал коргоочу тарап өз жүйөлөрүн келтириш үчүн толук үч күндүн кереги экенин деп билдирди.

- Трампты айыптагандар үч күндөн бери алардын талаптары аткарылган учурда кандай кесепеттери болорун ойлонушкан жок, - деп айтты Сиполлон. Ак үйдүн юрист-консультанты президенттин каршылаштары талап кылып жаткан жол америкалык коомчулуктун негизги салттуу баалуулуктарын бузууга алып келерин билдирди.

Буга чейин үч күн сүйлөгөн демократтар да азыркы президенттин бийликте кала бериши америкалык демократиянын негизги салттуу баалуулуктарын бузат деген пикирин айтышкан.

Ишембидеги отурум үч саатка жеткен жок. Байкоочулар коргоочу тарап жүйөлөрүн сактап, дем алыш күндөрдөн кийин теле аудиториянын көбөйүшүн күтүп жатышат деп баалашты. (TSh)

XS
SM
MD
LG