Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Си Цзиньпиң: «Коронавирус боюнча абал курчуп баратат»


Кытайдагы коронавирустан 56 адам каза таап, дүйнө жүзүндө 2 миңден ашык кишиге жукканы маалым болду. АКШ Ухань шаарындагы дипломатиялык кызматкерлерин чыгарууда. Канадада бул ооруну жуктурган бир киши катталды. Ал арада Москвада 7 киши коронавирус боюнча шектүү катары ооруканага жаткырылды.

Кытайдын Бээжин, Шанхай шаарларында да бул тумоо жайылып жатканы айтылууда. АКШ, Тайланд, Түштүк Корея, Жапония, Автсралия, Францияда ооруну жугузгандар аныкталды.

Кытай лидери Си Цзиньпиң жаңы жылдык куттуктоо учурунда оору көзөмөлдөн чыкканын, абал оорлошуп бара жатканын моюнга алды. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери барышына чектөө киргизилди.

Гонконгдо да оору катталгандыктан, вирус боюнча чукул кырдаал жарыяланды. 26-январда АКШ Ухандагы жарандары менен дипломаттарын чыгарып кетиш үчүн чартердик каттам уюштурду. Шанхайдагы бир күндө 100 миң киши кирген Диснейленд, Гонконгдогу Океан паркы, кинотеатрлар жабылды. (BCh)

XS
SM
MD
LG