Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Кыргыз, кытай, тажик жана өзбек чек араларында санитардык карантин пункттары иштеп жатат


25-январда саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев «Манас» аэропортундагы санитардык карантин пункттарын текшерди. Бул пункттардын кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн ден соолугу жөнүндө сурамжылоо жүргүзүп, алардын дене табын өлчөөчү жабдыктар менен кылдат текшерип жатышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Министрлик коркунучтуу вирус Кыргызстандын аймагында каттала элек экенин дагы бир жолу белгилейт. Кыргызстандын, Кытайдын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек араларында 11 санитардык карантин пункту иштеп жатат. Мындан тышкары санитардык карантин пункттарын Кыргызстан менен Казакстандын ички чек араларында орнотуу пландалууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG