Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Өзбекстан Кытайдан 30 студентин алып кетерин билдирди


Абдулазиз Камилов.
Абдулазиз Камилов.

25-январда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кытайдын вирус чыккан Ухань шаарындагы 30 өзбек студентин алып чыгып кетүүгө убада берди.

- Ухань шаарындагы 30 студент Өзбекстанга кайтарылат. Азыркы учурда Тышкы иштер жана Саламаттык сактоо министрликтери иш алып барууда, - деди Камилов.

Министр студенттер качан кайтып келерин айткан жок. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Ухань шаарында 250 өзбекстандык бар. Алардын көпчүлүгү жогорку окуу жайларынын студенттери. Көпчүлүк студенттер семестрдин аякташына байланыштуу мекенине кайтып келишкен болчу.

Кытайдагы коронавирустан 56 адам каза таап, бул илдет дүйнө жүзүндө 2 миңден ашык кишиге жукканы маалым болду. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери жүрүшүнө чектөө киргизилди.

XS
SM
MD
LG