Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Кытайда жаңы вирустан өлгөн адамдардын саны 80ге жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга ылайык, вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыкты. 26-январда саламаттык сактоо министри Ма Цяо Вэй «өлкө кооптуу абалга кептелди» деп айтты.

- Эпидемиянын очогун жаап, каттамдарды чектөө жана башка чаралар жакын арада натыйжа бере баштайт деп ишенем, - деди Ма.

26-январь күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адан Гебреисус Бэээжинге барарын маалымдаган. Ал расмий бийлик жана адистер менен чыныгы абалды талкуулоону көздөп жатат.

Өпкөнү сезгенткен ооруга чалдыккан адамдар дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да табылып жатат.

АКШда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Австралияда, Канадада жана Францияда вирус жугузган адамдар аныкталды. Илдет чыккан Ухань шаарынын мэри дагы миң киши ооруга чалдыгышы күтүлүп жатканын айтты.

Кытай лидери Си Цзиньпиң жаңы жылдык куттуктоо учурунда вирус көзөмөлдөн чыкканын, абал оорлошуп баратканын моюнга алды. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери барышына чектөө киргизилди.

АКШ, Франция жана Жапония Кытайдан өз жарандарын алып чыгып кетүүгө даяр экенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG