Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Мансурова: Кыргызстанда коркунучтуу вирус жугузгандар табылганы калп


Ухань шаарында. Кытай. 22-январь, 2020-жыл.
Ухань шаарында. Кытай. 22-январь, 2020-жыл.

Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Наргиза Мансурова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. «"Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирус жугузган адам жаткырылды" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө жугуштуу илдетке кабылган эч бир адам катталбаганын дагы бир жолу эскертет. Бул үчүн атайын түзүлгөн штаб кырдаалга көзөмөл кылууда. Туура эмес маалымат таратып, коомчулукту дүрбөтүүгө жол бербөөнү ар бир кыргызстандыктан өтүнөбүз», деп белгилеген Наргиза Мансурова.

Ишемби күнү Кыргызстанда вирусту көзөмөлдөө максатында ыкчам штаб түзүлгөн. Анын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген. Штабдын мүчөлөрү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен байланышып, ыкчам маалымат алмашып турушат.

Коронавирустун алдын алыш үчүн кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында, Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда оорунун белгилерин аныкташ үчүн дене табын өлчөөчү жабдыктар орнотулду. Санитардык карантин пунктунун адистери бул жабдыктар менен Кыргызстанга Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн келгендерди текшеришүүдө.

Жугуштуу оорулардын республикалык ооруканасында коронавирус аныкталган шартка даярдалып, атайын үч палата орнотулду. Дарыгерлер үчүн зарыл болгон коргоочу каражаттар сатып алынганы кабарланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG