Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Алимент тууралуу мыйзам долбоору каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети «Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларын өзгөртүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулайт. Анда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева алимент маселеси боюнча депутаттардын суроолоруна жооп беришет.

Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салчу мыйзамды өзгөртүү боюнча 19 аял депутат демилге көтөрүп чыккан. Бул маселе 20-декабрда парламенттик жыйында талкууланган.

Расмий маалымат боюнча, 2017-жылы Кыргызстанда алимент төлөбөй жүргөндөрдүн саны 42 миң адам болгон. Алардын 92% аталар. Депутаттар алименттин эң аз көлөмүн 1800 сом кылууну сунуш кылышууда. Маалыматка караганда, учурда айына 200-300 сомдон алимент төлөгөндөр бар.

Укук коргоочулар алименттин өлчөмүн көбөйтүү айрым аталардын балдарынан баш тартышына алып келип жатканын айтышууда.

Кыргызстанда 1990-жылкы «Алимент жөнүндө» мыйзам иштеп келатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG