Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Ооганстанда өкмөттүк күчтөрдүн аба соккусунан жети жай тургун набыт болду


Жай тургундар өлгөнүнө нааразы болгондор Жавзян-Балх магистралын буушту. Балх провинциясы. 26-январь, 2020-жыл.
Жай тургундар өлгөнүнө нааразы болгондор Жавзян-Балх магистралын буушту. Балх провинциясы. 26-январь, 2020-жыл.

Бул тууралуу жергиликтүү аткаминерлер кабарлашты. Алардын айтымында, 25-январда Балх провинциясынын түштүгүндөгү аба соккусунан үч аял жана төрт бала мүрт кеткен.

26-январда жүздөгөн кишилер аймактагы негизги жолду тосуп, иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты. Алардын бири Хайбер Амири «өкмөттүк күчтөр карапайым адамдардын үйлөрүн аткылап, террор кылып жатат» деген дооматын «Азаттыктын» ооган кызматынын кабарчысына билдирди.

Ооган өкмөт күчтөрү Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен чектешкен Балх провинциясында аскердик операция жүргүзгөн. Өлкөнүн Коргоо министрлиги аткылоодон карапайым тургундар жабыркаганы тууралуу маалыматтар иликтенип жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, талибдерге каршы аскердик операциялардын негизинде 51 талиб согушкери жок кылынган.

XS
SM
MD
LG