Бишкекте «Кыргыз экономикасынын биримдиктеги атаандаштыкка жөндөмү» деген тегерек үстөл болот. Ага өлкөнүн ар тарабынан чакырылган ишкерлер, экономисттер жана расмий бийлик өкүлдөрү катышат.
Талкууда Кыргызстан биримдиктин толук укуктуу мүчөсү экенине карабай, айрым бир өнөктөштөр тарабынан туура эмес саясат жасалып жатканы жөнүндө да сөз болот. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы мүчө болуп кирген. Жергиликтүү эксперттер Кыргызстан тариф жеңилдиктеринен пайдалана албаганын, салыкк түрүндө түшкөн акчанын азайышын жана биримдиктин жалпы рыногуна кирүүдөгү кыйынчылыктар көп болгонун айтып келишет.
Уюмга Кыргызстандан тышкары Орусия, Казакстан, Беларус, Армения да кирет.
25-январда президент Жээнбеков Саркисянды Евразия Экономикалык Биримдигине интеграциялоого жана Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйлаган. (ZKo)