Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Кыргыз-казак өкмөт мүчөлөрү чек арадан жүк ташуу маселесин талкуулашат


Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде топтолгон жүк ташуучу машинелер. 7-январь, 2020-жыл.
Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде топтолгон жүк ташуучу машинелер. 7-январь, 2020-жыл.

30-31-январь күндөрү Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрү Алматы шаарына чогулуп, эки өлкөнүн чек арасынан жүк алып кирүү маселесин талдашат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өткөн аптада чек арада топтолуп турган айдоочулар менен жолугушуу учурунда билдирген.

Вице-премьер-министр жолугушууда кыргыз тарап Казакстан бийлиги Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) жоболорунан тышкары, чек арадан жүк алып кирүүгө коюп жаткан тоскоолдуктар тууралуу түшүндүрмө беришин талап кылмакчы.

Жыл жаңыргандан көп өтпөй, Казакстан Кыргызстандан кирип жаткан жүккө кошумча талап койгондуктан бул өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болгон. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, казак тараптын чек ара аркылуу товар жана жүк алып өтүүдөгү кошумча текшерүү киргизиши ЕАЭБдин нормаларына каршы келерин эскертип, ЕАЭБдеги милдеттерди аткарууга чакырган.

Ал эми Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Олжас Отар басылган пломбалары бузулбаган жана документтери туура жүк ташуучулар чек арадан тоскоолдуксуз эле өтүп жатканын маалымдаган.

Кыргыз-казак чек арасында Казакстан тарап жүк ташуучу автоунааларды түрдүү себептер менен өткөрбөй кармаган учурлар мурунку жылдары да катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG