Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 03:30

ТИМ: Коронавирус катталган шаарда 15 кыргызстандык бар


Кытай. 2020-жылдын январы.

Кытайдын коронавирус чыккан Ухан шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын 14ү студенттер жана бирөө жеке ишкер. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүн 27-январдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган шаарда жалпы жонунан 50 кыргызстандык болгон.

Каникулга байланыштуу алардын көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып келишкен же Кытайдын башка шаарларына чыгып кетишкен.

Министрлик азыркы тапта Уханда жашап жаткан кыргызстандыктар менен тез-тез байланышууда.

- Кытай бийлиги Ухандагы чет өлкөлүк жарандарды кантип алып чыгып кетүү боюнча чечим кабыл ала элек. Азыркы тапта Борбор Азия өлкөлөрүнүн Уханда жашап жаткан жарандарын алып кетүү иштери каралууда. Биздин жарандарыбыздын ичинде коронавируска чалдыккандар жок, - деди Ниязалиев.

Кытайда өпкөнү сезгенткен вирустан өлгөндөрдүн саны 80ге жетти. Бул оору 2,5 миңдей адамга жугуп, айрымдарынын абалы оор. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG