Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Мас болуп машине айдады деген судьяны иштен алуу президентке сунушталды


Жалал-Абад шаарындагы рейд учурунан. 30-декабрь, 2019-жыл.
Жалал-Абад шаарындагы рейд учурунан. 30-декабрь, 2019-жыл.

Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясы президентке Жалал-Абадда мас абалында машине айдады деп шек саналып жаткан судьяны кызматынан алуу жөнүндө сунушун жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Тартип комиссиясына Жалал-Абад шаардык сотунун судьясын кызматтан алуу маселесин кароо тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева сунуш киргизген.

Мекеменин маалыматына караганда, төрайымдын сунушун Тартип комиссиясы канааттандырып, судьяны кызматтан алуу жөнүндө сунушту президентке жөнөттү.

«Судья Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү жана судьянын кадыр-баркына шек келтирген нерселерден алыс болушу керек. Буга байланыштуу Жогорку соттун төрайымы Соттор кеңешин караштуу Тартип комиссиясына судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу тууралуу сунуш жөнөткөн. Тартип комиссиясынын 27-январдагы чечими менен бул сунуш канааттандырылып, судья Элмира Сулайманова тартип жообуна тартылып, ага карата мөөнөтүнөн мурда иштен бошотуу жазасы көрүлдү. Бул чечимдин негизинде президентке аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу боюнча сунуш жөнөтүлдү» деп билдирди Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Милициянын маалыматына караганда былтыр 30-декабрга караган түнү Жалал-Абад шаарында жергиликтүү телеканал менен бирге атайын рейд уюштурулган. Рейд учурунда «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаа «Нексия» машинесин сүзүп алган. Текшерүү «Тойота» машинесинин айдоочусу, судья Элмира Сулайманова автоунааны жанында документтери жок, мас абалында айдап баратканын аныктаган. Натыйжада Сулайманованын машинеси токтотмого коюлуп, айып салынган.

Кийин Элмира Сулайманова жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү ага карата түзгөн протоколду жокко чыгарууну суранып өзү иштеген Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылган. (RK)

XS
SM
MD
LG