Ош шаардык кеңешинин XXV сессиясында шаардын казынасы 1 млрд. 325 млн. 613 миң сомго бекитилди.
Ош шаарынын вице-мэри Саибжан Турдуев бюджеттин долбоору боюнча маалымат берди. Ага ылайык, 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү өткөн жылдын бюджетине салыштырмалуу 17,6% көтөрүлгөн. Быйылкы жылга белгиленген бюджеттин 32,2% турак жай жана коммуналдык чарба, 29,7% билим берүү тармагына бөлүндү.
“Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгакы Мамасалиева бюджеттин көбөйүшүнө өкмөттүн киреше салыгынын 85% жергиликтүү бюджетке калтыруу тууралуу чыгарылган токтому негиз болду деп эсептейт.
2018-жылы шаардын бюджети 940 млн. сом, 2019-жылы 1 млрд. 127 млн. сом менен бекитилген. (MdN)