Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

28-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

27-январда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз кар Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында жаайт. Талас, Баткен облустарында күндүз жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;

Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -6…-11;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен бир аз кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0...2 градус болот.

XS
SM
MD
LG