Ооганстандын борбордук бөлүгүндөгү Газни провинциясында учак кыйрады. Азырынча жабыркагандар же каза тапкандар тууралуу маалымат жок. Айрым маалымат каражаттары учакта 80ден ашуун жүргүнчү болгонун жазып жатышат.
Провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Ареф Нури «Азаттыкка» билдиргендей, учак 27-январда жергиликтүү саат боюнча түшкү саат 1лер чамасында кыйраган.
- Ал абдан алыс жер. Биздин коопсуздук күчтөрүбүз ал аймакка жете албай жатышат, - деди Нури.
«Reuters» маалымат агенттиги мамлекетке таандык «Ariana Afghan Airlines» аба компаниясынын учагы кыйраганын жазып жатат.
Баштапкы маалыматка ылайык, учак Дех-и-Газни районунун борборунан түштүк-чыгышты көздөй 20 чакырым аралыкта бараткан.