Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:58

Польшада Освенцимдин курмандыктары эскерилди


Нацисттердин Освенцимдеги мурдагы лагери. 14-январь, 2020-жыл.
Нацисттердин Освенцимдеги мурдагы лагери. 14-январь, 2020-жыл.

75 жыл мурда Освенцим концлагеринен аман бошотулган 200дөй киши 27-январда Польшага келди. Алар азыр мемориалдык комплекске айланган мурдагы лагерге чогулуп, Холокосттун курмандыктарын эскеришти. Бул иш-чарага Польшанын президенти Анжей Дуда жана Жөөттөрдүн дүйнөлүк конгрессинин башчысы Рональд Лаудер да катышты.

Израил, АКШ, Австралия, Орусия сыяктуу бир нече өлкөдөн келген бул адамдардын көбү Освенцимде жана нацисттердин башка лагерлеринде ата-энелеринен жана туугандарынан айрылган.

Нацисттер Польшаны оккупациялап турган кезде Освенцим-Биркенау лагеринде 1 миллион киши кырылган жана алардын көпчүлүк бөлүгү жөөттөр болгон. Бардыгы болуп Холокост 6 миллион жөөттүн өмүрүн алып кеткен. Освенцим лагерин Советтик армиясы 1945-жылы 27-январда бошоткон.

Өткөн аптада Освенцим концлагери бошотулганынын 75 жылдыгын эскериш үчүн Иерусалимге ондогон өлкөлөрдүн жетекчилери чогулуп, анда бүгүнкү күндөгү антисемитизмге жана кастыкты козуткан аракеттерге каршы билдирүүлөр айтылган.

XS
SM
MD
LG